Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 10 Апр 2024 | 89 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде, кыргызстандыктарды Орозо Айт майрамы менен куттуктады.

Өлкө башчысы куттуктоосунда мусулмандардын Ыйык Орозо айы өлкөдө ынтымактуулукту, биримдикти бекемдеген ай болгонун белгилеген.

Ошондой эле, Ислам дини чыныгы жаратмандыктын, жан-дүйнөнүн жаңылануусунун жана сабырдуулуктун дини экенин айтып, жарандарды алдыда бул жаратмандык менен өлкөнүн өнүгүшү үчүн салым кошууга чакырды.

Төмөндө президенттин куттуктоосунун толук тексти:

“Урматтуу мекендештер!
Ардактуу момун мусулмандар!
Ислам дининин негизги беш түркүгүнүн бири берекелүү Орозо айы ийгиликтүү аяктап, Айт майрамы кирип келди. Баарыңыздарды Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Ыймандын бир шагы катары эсептелген Орозодо жан дүйнөбүздү тазалап, Жаратканга болгон ишенимибизди дагы кыйла бекемдеп, напсибизди тыюу менен бирге, ден соолугубузга да кам көрдүк. Муну менен кошо мээримдүүлүк, боорукерлик сезимдер артып, кайрымдуу иштер арбыйт. Мындан улам бул улуу айда жалпы элибиздин ынтымагы дагы бир ирет чыңдалганына толук ишенем.
Ислам дини – чыныгы жаратмандыктын, жан-дүйнөнүн жаңылануусунун жана сабырдуулуктун дини.

Мамлекетибиздин алган багыты дагы эл-журттун жан дүйнөсүн тазартып, жаратмандыкка үндөө, азыркы ааламдашуу агымынан артта калбай, ошол эле маалда дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуяларга олуттуу, салмактуу, сабырдуу мамиле кылуу болуп саналат.

Элибиз эзелтеден эле Исламдын баалуу көрөңгөлөрүн өзүнүн түптүү каада-салттары менен айкалыштыра жашап келген. Демек, өлкөбүздөгү ар бир кыргыз жараны ар күнкү аракети менен алдыга умтулуп, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошот деген үмүтүм чоң.

Кадырлуу мусулман агайын-туугандар!

Сиздердин отуз күн орозо тутуп, журтубуздун тынчтыгы менен өлкөбүздүн өнүгүүсүн сураган тилектериңиздер кабыл болсун. Ыйманыбыз, ишенимибиз артып, кийинки Орозо айына чейин бакубат жашоону насип кылсын. Ата-бабалардан калган асыл сапаттарыбыз менен элибизге, мамлекетибизге ак кызмат кылалы. Буга бизде каалоо да, ишеним да, эрк да бар. Ар бирибиз журт биримдигин чыңдоого, сүйүктүү өлкөбүздүн жаркын келечегине үлүшүбүздү кошууга умтулалы.

Жараткан ар бир үйдүн кут-берекесин, ырыскысын көбөйтсүн, жылуу маанай тартууласын. Бардык жакшы ой-мүдөөлөрүбүздүн аткарылышына тилектешмин!

Айтыңыздар маарек болсун!”.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM