Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолукту. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында делегация башчыларынын кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрү өттү.
Акылбек Жапаров эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн быйыл 2 миллиард долларга жеткирүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар экенин, 2023-жылы өз ара сооданын көлөмү 1 млрд 317 млн долларды түзгөнүн айтты.
Экспорт 455,7 млн долларды (өсүү 10,9%), импорт 862,2 млн долларды (өсүү 11,9%) түздү.
«Эки өлкөнүн өкмөттөрү кызматташуунун жаңы артыкчылыктуу багыттарын издөөнү жана өлкөлөр ортосундагы өнөр жай кооперациясын кеңейтүү иштерин улантууну зарыл деп эсептейм» , — деди Минкаб төрагасы.
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.