Биз менен байланышыңыз

Дагы төрт кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды

Кыска кабар | 9 Апр 2024 | 150 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда кыска мөөнөттүү дагы төрт бала бакча ачылганын кабарлады.

Бала бакчалардын үчөө Чүй облусунун Жайыл районунда, бири Москва районунда жайгашкан.

Жайыл районундагы бакчалар балдар чыгармачылык үйүнүн жана балдар бакчаларынын базасында түзүлдү. Алардын бири 50 балага ылайыкталса, калган экөө 200 орунга ылайыкталган.

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Жайыл районунда жалпы кыска мөөнөттүү 15 бала бакча түзүлсө, Москва районунда 16 бакча ачылат.

«Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлөт. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейин билим алууга тартылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM