Быйыл Бишкекте И. Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болот. Алардын бири Кара-Дарыя жана А.Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу байланыштыруу долбоору.
Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.
Узундугу 1,4 чакырымды, туурасы 9 метрди түзгөн жолдун курулушу 8-апрелде башталды. Эки тарабында ирригация тутуму жана жөө адамдар үчүн тилке каралат.
Жол Аламүдүн дарыясынынын жээги менен салынат. Учурда көпүрө салынып жаткан Шүкүров көчөсү менен Медеров көчөсү аркылуу төмөндү көздөй уланып, Л. Толстой көчөсүнө түшөт. А. Сүйүмбаев көчөсү менен ортодогу темир жолдон бириктирилет.
7-апрель жана Ж. Абдрахманов көчөлөрүнө параллель альтернатива пайда болот.