Биз менен байланышыңыз

«Бейиш эненин таманында» филми Орусиянын ондогон шаарларында коюлат

Кыска кабар | 9 Апр 2024 | 424 | 0

Режиссёр Руслан Акун тарткан «Бейиш эненин таманында» аттуу тасма 11-апрелден тарта биринчи жолу Орусиянын 59 шаарында прокатка чыгат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Тасма Голливуд жылдыздарынын  үнү менен орус тилине дубляждалган.

«Бейиш эненин таманында» филми Кыргызстанда, Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Меккеде тартылган.

Кыргызстанда марттан тарта көрсөтүлө баштаган, Казакстанда 21-мартта, Өзбекстанда жана Орусияда 11-апрелде прокатка чыгат, ошондой эле тасманы түрк жана араб тилдерине которуу пландалууда.

Режиссер Руслан Акун «Салам, Нью-Йорк», «Апамды издеп», «Көк-Бөрү», «Акыркы сабак», «Агай», «Салам, Европа!» аттуу тасмалары менен да белгилүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM