Биз менен байланышыңыз

Оренбургда суу ташкындан жабыркагандар митингге чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Апр 2024 | 518 | 0

Орусиянын Орск аймагында суу ташкындан жабыркаган жүздөгөн адамдар митингге чыкты. Расмийлер муну мыйзамсыз деп атап, бирок митингге чыккан калк менен Оренбургдун губернатору жана Орск шаарынын мэри жолугушкан.

Нааразычылык акциясына чыккандар суу ташкынынан жабыркагандарга төлөнүүчү компенсациянын көлөмүн көбөйтүүнү талап кылган жана жергиликтүү бийликтин иш-аракеттерин сындаган. Ошондой эле алар Орусиянын президенти Владимир Путинден жардам сурап, кайрылуу жасашкан.

Милиция нааразычылыкка чыккандарга массалык топтолууга тыюу салынганын эскертип, митинг өткөрүүгө тоскоолдук жаратканын жергиликтүү Телеграм каналы жазды.

Оренбург облусунун губернатору Денис Паслер нааразычылыкка чыккандарга телефондорун өчүрүүнү талап кылып, мындай учурда биримдиктүү болуу менен маселени чечүүгө болорун, арызданып, нааразычылык жаратуунун кереги жоктугун айткан. Ошондой эле төлөнө турган кенемтенин көлөмү да бардык келтирилген зыяндар эсептелип чыккандан кийин көбөйүшү мүмкүн экенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Казакстандын түндүк облустарында да дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, бир канча шаар-кыштактарды суу баскан. Жалпы 70 миңдей адам эвакуацияланган. Орусиянын Оренбург аймагында да Урал дарыясындагы суунун көлөмү көтөрүлүп, азыр бир канча аймакты эвакуациялоо маселеси жаралган. Адистер 10-апрелге карата Оренбургдун бир топ кыштактарын суу басышы мүмкүн деп эскерткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM