Биз менен байланышыңыз

«Уурдабагыла». Бишкекте жоогазын гүлдөй баштады

Кыска кабар | 8 Апр 2024 | 145 | 0

Бишкекте жоогазын гүлдөй баштады. Шаар мэриясынан кабарлашкандай, быйыл 170 миң жоогазын көчөттөрү отургузулган.

«Бишкек жашыл курулуш» ишканасынын кызматкерлери жоогазын көчөтөрүн Курманжан Датканын эстелигинин айланасында, Кыргыз улуттук филармониясынын алдында, Түштүк магистралда, Жумабек менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде, Гоголь көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде, Масалиев көчөсүндө, Өкмөттүк, Театрдык жана Эмгек Даңкы скверлеринде, Свердлов райондук администрациясынын жанында, Эмен, Ынтымак, Жеңиш парктарында жана Каражыгач токоюнда, ошондой эле Жаштар аллеясында отургузган.

Жоогазындар гүлдөп бүтөрү менен баштары казылып алынып, кургатылып, кийинки күздө кайрадан отургузулат.

Мэрия жоогазындарды уурдоо, көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактыларына күбө болгон жарандарды 102 кыска номуруна кабарлоону өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM