Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Күндүз жаан жаайт

Кыска кабар | 8 Апр 2024 | 313 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 9-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +12 … +17,

Талас жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7… +12, күндүз +17…+22,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1… +6, күндүз +12…+17,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз + 12…+17.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз, +13…+15 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM