Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Азербайжандын министри Кыргызстанда 8-9-апрель күндөрү болот.
Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү болуп, анын алкагында кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын эки тараптуу маселелеринин кеңири спектри талкууланат.
Бишкекте кармалган беш жаран Азербайжанга өткөрүлүп берилди