Биз менен байланышыңыз

Бишкектин бир катар көчөлөрү кеңейтилип жатат

Кыска кабар | 8 Апр 2024 | 95 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы бир катар көчөлөрдү кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

А.Бакаев көчөсүн Л.Толстой көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки, ошондой эле Ю.Фучик көчөсүн Л.Толстой көчөсүнөн Товарный көчөсүнө чейинки аралык боюнча долбоор көрсөтүлдү.

Жапаров көчөлөрдү долбоорлоодо борбор калаанын аймагы соңку кездери кеңейип баратканын жана жыл сайын автоунаалардын көбөйүшүн эске алуу керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, мэриянын карамагындагы бардык объектилерди инвентаризациялоону тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM