Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: 7-апрель үй-бүлөлүк, кландык бийликти тактан кулаткан күн

Кыска кабар | 7 Апр 2024 | 336 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде, Апрель элдик революциясынын 14 жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Анда президен 7-апрелди үй-бүлөлүк, кландык бийликти тактан кулаткан күн экендигин белгилдеи.

«Апрель элдик революциясы күнү – үй-бүлөлүк, кландык бийликти тактан кулаткан, адилетсиздик менен зордук-зомбулукка моюн сунбаган, эркиндикти сүйгөн кыргыз элинин рухун даңазалаган күн! Элдин эрки менен эсептешпей калган бийликтин арымы кыска, келечеги бүдөмүк болору айкындалган күн!

Тилекке каршы, Апрель элдик революциясы бизге оор жоготуулар менен келди. Өкүмзор бийлик алдына чөгөлөп бербей, өз журтунун келечек тагдыры үчүн өлүмгө тике караган эр-азаматтарыбыздан айрылдык.

Апрель элдик революциясы – ɵлкɵдɵ башкы күч эл экенин, кыргыз элинин канында адилеттик, калыстык, эркиндик үчүн ажалдан да кайра тартпай турган баатырдык мүнɵз бар экенин далилдеген кандуу окуя катары дүйнө жүзүнө тарап, тарыхыбызга ташка тамга баскандай жазылып калды.

Өлкө башына кайсы бийлик келбесин, элдин аруу тилегин атуулдук ариети жана иштиктүү аракети менен актоого тийиш. Апрель окуясында шейит болгон баатырларыбыздын жана карапайым элибиздин мүдөөсүн актай турган, жаркын келечек үчүн жаңы кадамдар башталды. Ар тармакта элдин кызыкчылыгын алдыңкы орунга койгон реформалар жасалып жатканы жалпыңыздарга белгилүү.

Баарыӊыздарды курман болгон эр-азаматтардын элесине таазим этүү менен, биримдик жана ынтымакты туу тутуп, ɵлкɵбүздүн ɵнүгүү кадамдарына салым кошууга чакырам!»

Copyright © 2017 Maral FM