Биз менен байланышыңыз

Кара-Балта жана Токмок шаарларын өнүктүрүүгө 1 млрд сомдон бөлүнөт

Кыска кабар | 6 Апр 2024 | 105 | 0

Кара-Балта жана Токмок шаарларын өнүктүрүүгө 1 миллиард сомдон бөлүнөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Кара-Балта шаарында бөлүнгөн бюджеттик каражаттын эсебинен асфальт-бетон заводун, таш майдалоочу цехти куруу, жол куруучу техникаларды сатып алуу, Кербен муниципалдык базарын түзүү, борбордук стадионду реконструкциялоо, парктарды реконструкциялоо, сейил бактарды оңдоо, суу менен камсыздоо жана канализация, бала бакча куруу, жолдорду оңдоо, шаардын интерактивдүү картасын иштеп чыгуу жана видеобайкоо камераларын орнотуу пландалууда.

Токмок шаарында өнөр жай аймагын инфраструктура менен камсыз кылуу, бетон заводун куруу, «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасын модернизациялоо, асфальт-бетон заводун куруу, атайын техникаларды алуу, паркты жакшыртуу, таш майдалоочу цех куруу, мал базарды жакшыртуу, жолдорду оңдоо (өнөр жай аймагындагы жана ички жолдор), Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда туристтик комплекс куруу, логистикалык борбор куруу, Токмок шаарынын борбордук базарын реконструкциялоо, балдар бакчасы, көп функционалдуу стадиондун курулушу пландалууда.

«Кара-Балта жана Токмок шаарлары Чүй облусундагы экономикалык жана өнөр жайлык өнүгүүнүн борборлору.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM