Биз менен байланышыңыз

Москвадагы теракт: дагы үч адам кармалып, экөө борбор азиялыктар экени айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Апр 2024 | 1505 | 0

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы «Крокус Сити Холлдогу» террордук актыга байланыштуу дагы үч адамды кармады.

Маалыматта айтылгандай, кармалган адамдар терактты уюштурууга көмөк көрсөткөн деп айыпталууда. «Москва, Екатеринбург жана Омск шаарында үч адам кармалды. Алардын бири Орусиянын жараны, калган экөө башка өлкөнүн жарандары, тактап айтканда борбор азиялыктар», — деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат кармалгандардын экөө терактта колдонулган курал-жарактарды жана транспорт каражаттарын сатып алууга акча каражаттарын жеткирип берип турганын, дагы бири терактты ишке ашыруучуларды тандоого түздөн-түз катышканын билдирүүдө.

Жаңы кармоолорго байланыштуу атайын кызмат видео да жарыялады. Анда «Крокустагы» теракт боюнча фигуранттардын бири терактты уюштурууга катыштыгы бар экенин мойнуна алганын көрүүгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM