Биз менен байланышыңыз

УКМК: Нарын мамлекеттик университетинин жетекчилери кармалды

Кыска кабар | 4 Апр 2024 | 385 | 0

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу фактылары аныкталды.

УКМК билдиргендей, башка аймактардан келген белгилүү окумуштууларды жана окутуучуларды ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамынын тизмесине жасалма түрдө киргизүү жолу менен, алардын атына катталган банктык карталарга 2016-жылдан азыркы учурга чейин эмгек акылары мыйзамсыз чегерилип келген.

Акча иш жүзүндө университеттин айрым кызматкерлери тарабынан пайдаланылган.

Суракка алынган илимдин кандидаттары жана докторлору университет менен эч кандай мамилелери болбогондугун жана аталган окуу жайда окутуучулук иш-аракеттерди жүргүзбөгөндүгүн, эмгек акы албаганын белгилешкен.

ЖОЖдун магистратурасынын бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү (азыр билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, ЖӨБОнун башчылары ж.б.) өздөрүнүн диссертацияларынын темасын жана илимий жетекчилеринин аттарын атай алышпайт, ал эми алардын айрымдары бүтүрүү иштерин акчалай сыйлык менен коргоону оң чечим катары  көрсөтүшкөн.

Ошондой эле мазмуну окшош бир диссертациялык ишти кайра-кайра колдонуу фактылары аныкталып, мында илимий жетекчи катары ар башка профессорлор көрсөтүлгөн.

Окуу жайдын жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери тарабынан өздөштүрүлгөн каражаттын алдын ала суммасы 6 миллион сомго жакынды түзөт.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында С.Т.М., Б.М.А., Б.Э. М. жана Ж.А.С. кармалып, камакка алынды, ал эми ЖОЖдун башка кызматкерлеринин көрсөтүлгөн тартип бузууларга катыштыгы болушу мүмкүндүгүн аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM