Мамлекеттик саясаттын социалдык багытын өнүктүрүүнүн алкагында президенттин Жарлыгы даярдалып, ага ылайык томолой жетим балдарга 18 жашка толгондо 500 миң сом төлөнөт. Учурда өлкөдө 1868 ата-энеси жок бала бар.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал үчүн быйылкы жылдан баштап 270 миллион сом банктарга жайгаштырыларын маалымдады.
«Азыр ушул маселенин үстүнөн иштеп жатабыз, ар бирине эсеп ачылат, 18 жашка чыкканда эсебине 500 мин сом салынат. Жалпысынан 270 млн сомду Айыл банкка бергенбиз. Акчаны кийим сатып алууга жана үй сатып алууга жумшагыла деп суранып жатабыз» , — деди Акылбек Жапаров.
Жогорку Кеңеште өлкөнүн социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү маселелери боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы угулууда.