Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы башкы консулдугунун  дареги өзгөрдү

Кыска кабар | 4 Апр 2024 | 115 | 0

Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы башкы консулдугунун  дареги өзгөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Санкт-Петербург шаарындагы башкы консулдук 1-апрелден баштап жаңы дарек боюнча иштеп баштады.

Жаңы дарек: Санкт-Петербург шаары, Набережная реки Фонтанки көч, 50.

Консулдук-укуктук жардам көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документтерди тариздөө, ошондой эле Түндүк-Батыш федералдык округунда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн жогоруда көрсөтүлгөн дарекке кайрылууну өтүнөт.

Ишеним телефону: +7-962-688-25-06; +7-929-128-05-08; +7-929-157-05-08; + 7-812-418-24-22.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM