Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы зордук-зомбулукка кабылгандарды атайлап каралоо учурлары көбөйгөнүн билдирди

Кыска кабар | 4 Апр 2024 | 193 | 0

Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева акыркы убакта зордук-зомбулукка кабылган курмандыктарды атайлап каралоо учурлары көбөйгөнүн билдирди.

Анын айтымында, акыркы учурларда зордук-зомбулукка кабылган секелек кыздардын өздөрүн күнөөлөгөнгө аракет кылгандар бар. Укук коргоо органдары ушул сыяктуу аракеттерге бөгөт коюп, зомбулуктун курмандыктарынын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш, — деди Жамиля Жаманбаева.

Ошондой эле Акыйкатчы соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү учурунда кыздын укуктарынын бузулушу боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү расмий суроо-талаптарды жибере турагнын да билдирди.

Андан сырткары, Омбудсмен өзгөчө тынчсыздануу менен зомбулуктун курмандыктарынын жеке маалыматтарынын купуялуулугунун сакталышын камсыздоого укук коргоо органдарынын көңүлүн бурат.  Сөз бир нече айлар бою 9 эркек тарабынан зордукталып келген 13-жашар кыздын окуясы тууралуу болуп жатат.

“Социалдык тармактарда зомбулукту актоо максатында, айрым адамдар Сокулукта зордуктоого кабылган 13 жашар кыздын сүрөтүн жана жеке маалыматтарын таратып жатышат. Бул жабырлануучунун көрсөтмөсүн өзгөртүүгө багытталган басымдардын бири. Ага байланыштуу укук коргоо органдары тарабынан бул адамдардын аракетине карата мыйзам чегинде укуктук баа берилип, аларды жоопко тартышы керек”, — деп белгилейт Акыйкатчы институту.

Белгилей кетсек, буга чейин Акыйкатчыга Сокулукта бир нече ай бою 9 эркек тарабынан зордукталып келген 13 жашар кыздын жакындары алардын укугун коргоп берүү үчүн кайрылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM