Биз менен байланышыңыз

Бишкек ШИИБнин кызматкерлери опузалап пара талап кылуу боюнча кармалды

Кыска кабар | 4 Апр 2024 | 188 | 0

УКМК Ички иштер министрлигинин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте, 160 миң сом пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек ШИИБнин тергөө кызматынын кызматкерлерин кармады.

Маалыматта айтылгандай, кармалгандар Бишкек ШИИБнын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү, милициянын подполковниги К.Б.М., жана Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн тескөөчүсү, милициянын майору А.А.Э., ошондой эле ортомчу катары иш алып барган А.Э.Э. аттуу жаран экени айтылды.

Алар тергөөнүн жыйынтыгында жаранга кылмыш ишин козгоп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен акча талап кылынгандыгы аныкталган. Жүргүзүлгөн тинтүүдө кармалгандардын кызматтык бөлмөлөрүндө  пара катары алынган 80 миң сом жана ошондой эле 30 миң сомдон ашык суммадагы башка далилдер (жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарынан төлөнгөн чектер жана квитанциялар) табылган.

Учурда кармалган милиция кызматкерлери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM