Биз менен байланышыңыз

Админстрация Бишкек ЖЭБи 1 млрд долларга оңдолот деген маалыматты төгүндөдү

Кыска кабар | 3 Апр 2024 | 109 | 0

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Бишкек ЖЭБине байланыштуу акыркы маалыматтарга карата түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, Бишкек ЖЭБи ири суммадагы каражатка оңдоодон өтөт деген маалымат чындыкка дал келбейт.
Буга чейин бир катар маалымат каражаттарында “ТВЕА Бишкек ЖЭБинин эки блогун оңдоого 1 млрд 140 млн доллар салат” деген маалымат тарап, кийинчерээк ал Энергетика министрлиги тарабынан жокко чыгарылган.
«Анык эмес маалыматтын таркатылышына Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жооптуу кызматкери жол берген. Бул катасы үчүн ал бүгүн кызматынан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.

Аталган кызматкердин жалган маалыматты таркатуусунун максаты кандай болгону, бул маалымат менен коомчулукту дүрбөтүүнү көздөгөндөр менен байланышы болгонбу-жокпу териштирүү жүргүзүлүп башталганы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM