Биз менен байланышыңыз

Путин: «Биздин тилибизди, маданиятыбызды сыйлагандар гана Орусияда жашап, иштей алат»

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Апр 2024 | 477 | 0

Орусия президенти миграциялык саясатты түп-тамыры менен жаңылоо зарылчылыгы келип жеткенин айтты. Ал бул тууралуу Ички иштер министрлиги менен өткөргөн жыйында кеп козгоду.

«Миграциялык саясатыбызды тереңинен жаңылоо керектигин жана башкача жандашуу зарылчылыгын мен мурун эле айтканмын. Албетте, мамлекеттин жана коомубуздун коопсуздугун камсыздап, улуттар аралык жана диний, маданий жана тилдик өзгөчөлүктөрүбүздү коргоп калуу зарыл. Мунун баары Орусияны бирдиктүү күч кылып турат. Бирок, биздин каада-салттарыбызды, тилибизди, маданиятыбызды жана тарыхыбызды урматтагандар гана келип биздин Орусиябызда жашап, иштеши керек» — деп белгилеген Путин.

Ал ИИМге, чалгындоо кызматына жана өкмөт менен президенттин админстрациясына тапшырма берип, тез арада миграциялык саясатты жөнгө сала турган сунуштарды иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле, Орусия президенти мыйзамсыз миграция экстремисттик аракеттердин жана кылмыштуулук үчүн негизги пайдубал болорун айтты. Ал «Крокус Ситидеги» терактты уюштургандардын максаты Орусияда улутчулдук, ксенофобия, исламофобияны козгоо экенин белгилеп, күч органдарына буга жол бербөөгө чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM