Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Кытайдан 50дөн ашык ири компаниянын өкүлдөрү келди

Кыска кабар | 2 Апр 2024 | 177 | 0
Кытайдын Синьцзян-Уйгур Автономдук районунун элдик ѳкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз

Президент Садыр Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур Автономдук районунун элдик ѳкмөтүнүн төрагасы Эркин Туниязды кабыл алды.

Жолугушууда президент Кыргызстан Кытай менен Шанхай кызматташтык уюмунун, «Бир алкак – бир жол» демилгесинин жана «Борбор Азия – Кытай» форматынын алкагында кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыктарлыгын билдирди.

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу ийгиликтүү илгерилеп жатканын белгиледи.

Эркин Тунияз Кыргызстанга келген делегациянын курамында 50дөн ашык ири компаниялардын өкүлдөрү бар экенин айтты.

Ошондой эле Кыргызстандын Синьцзян-Уйгур Автономдук району менен товар жүгүртүүсүнүн көрсөткүчтөрү өсүп жатканын, соода-экономикалык байланыштарды алдыга жылдыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM