Биз менен байланышыңыз

Майга чейин жеке жактар жана ишкерлер салык декларациясын тапшырышы керек

Кыска кабар | 2 Апр 2024 | 176 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 1-майга чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер бирдиктүү салык декларациясын тапшырышы керек экенин эскертти.

Салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек:

  • жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;
  • менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;
  • юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
  • илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекеменин, уюмдун кызматкерлери;
  • мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
  • эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
  • жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.

Жеке ишкерлер декларацияны электрондук түрдө гана, ал эми жеке жактар тандоосу боюнча – электрондук же кагаз жүзүндө тапшырса болот.

1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ата мекендик уюмдар, анын ичинде юридикалык жакты түзүү менен дыйкан жана фермердик чарбаларды кошкондо, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен өлкө аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар салык декларациясын тапшырды.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга административдик айып салынат.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM