Биз менен байланышыңыз

69 кыргызстандык Орусияга киргизилген эмес

Кыска кабар | 1 Апр 2024 | 131 | 0

«Крокус сити холлдогу» теракттан кийин 69 кыргызстандык Орусияга киргизилген эмес. Бул тууралуу парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди.

Анын айтымында, теракттан соң 23-марттан тарта Москвадагы аэропорттон бир катар кыргызстандык артка кайтарылды.

«Алар Москвага учуп барышкан бирок, аэропорттон ары чыга алган эмес. Алардын арасында буга чейин «кара тизмеге» киргендер бар. Ошондой эле Орусияга биринчи жолу барып, эч кандай тизмеде жок болгондуктан, өлкөгө кире албай, Кыргызстанга кайтып келүүгө аргасыз болгон учурлар дагы бар. Белгилей кетсек, алар мыйзамдарына ылайык, сырткы көрүнүшү кандайдыр бир шектенүү же коркуу жараткан адамды өз өлкөсүнө киргизбей коюуга укугу бар. Бардыгы болуп 69 кыргызстандык Орусияга кире албай калган».

Министрдин орун басары депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, айрымдары кайра учуп келүүгө кеткен чыгымдарын өз чөнтөгүнөн төлөгөнүн, ал эми айрымдарына авиакомпаниялар жардам бергенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM