Биз менен байланышыңыз

Түркмөн президенти Кадыр түндүн урматына абактагы 356 адамга ырайым кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Апр 2024 | 396 | 0

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Ыйык Орозо айындагы Кадыр түндүн урматына абактагы 356 адамга ырайым кылды. Бул тууралуу жарлыкка түркмөн президенти кол койгон.

Маалыматта айтылгандай, ырайым кылуу боюнча жарлык Бердымухамедов өзү төрагалык кылган өкмөт жыйынында кабыл алынган.

Негизинен кылган кылмышы үчүн жаза алып, ал жасаган кылмыштары үчүн өкүнгөн, абактагы жүрүм-туруму үлгүлүү жарандарга ырайым берилген. Ошондой эле алар абактан чыккандан кийин, аларды коомго адаптациялоо, жумуш менен камсыздоо тапшырмалары жергиликтүү бийликке берилген.

Белгилей кетсек, Түркмөнстанда мусулмандардын ыйык Орозо айындагы Кадыр түнгө жана Эгемендик майрамына байланыштуу ырайым берүү иш-чарасы салтка айланган. Мына ушул иш-чаранын алкагында Түркмөнстанда соңку жылдары 20 миңдей адам, абак жазасынан бошотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM