Биз менен байланышыңыз

Бишкекке Кытайдан дагы 35 автобус алып келинди

Кыска кабар | 1 Апр 2024 | 169 | 0

Бишкек шаарына дагы 35 автобус алып келинди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Бир ай ичинде 500 автобус толук алып келинет.

Былтыр президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бул өлкөдөн газ менен жүрүүчү 1000 автобус сатып алуу боюнча чечим кабыл алынган. Келишимге ылайык, өткөн жылы жарымы келген, быйыл жарымы жеткирилет.

Автобустар толук келип бүтсө, борбор шаардагы кичи маршруттук каттамдар автобустарга алмаштырылат. Андан тышкары, дизель отуну менен жүргөн миңден ашык кичи маршруттук каттам шаардын сыртына чыгарылат.

Мындан тышкары, Бишкек бийлиги быйыл “Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы” тарабынан каржыланган долбоордун алкагында газ менен жүрүүчү 124 автобус алган. Аталган долбоордун негизинде жалпысынан 250 автобус алынат.

Ал эми “Азия өнүктүрүү банкынын” долбоору алкагында 120 электробус алуу мерчемделген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM