Биз менен байланышыңыз

Кадамжай району: «Баяман Баатыр» базарында ири өрт чыкты (сүрөт)

Кыска кабар | 1 Апр 2024 | 198 | 0

1-апрелге караган түнү Кадамжай районунун Искак Полотхан (ред. — мурунку аталышы Халмион) айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылында жайгашкан Баяман баатыр базарында өрт чыкты. Өрттүн жалпы аянты алдын ала маалымат боюнча 2380 чарчы метрди түздү.

Тагыраагы беш ашкана, 19 контейнер, үч дүкөн күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда. Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Бүгүн, 1-апрелде облус башчысы Абдикарим Алимбаев кырсыктын кесепетин жеринен барып көрүп, соодагерлер менен жолукту. Ал жумушчу топ түзүп, биринчи орун басары Маруфхан Тулаевди жумушчу топтун төрагалыгына дайындады.

Жетекчилер жана соодагерлер менен жолугушууда мындан ары «Баяман Баатыр» базары мыйзамдуу иштеген, коопсуздук эрежелери сакталган базар болууга тийиштигин белгилеген.

Ошондой эле, базардын айланасындагы жол тыгынын жөнгө салуу, өрттөлгөн аймакты тазалоо жана соодагерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, базардын коопсуздугун камсыздоо тапшырмасын да койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM