Биз менен байланышыңыз

Телеграм автордук каналдар үчүн монетизациялоону ишке киргизди

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Апр 2024 | 326 | 0

Telegram мессенжеринде 1000ден ашык катталуучулары бар каналдар 31-марттан тарта каналда көрсөтүлгөн жарнамадан түшкөн пайданын 50%ын алып баштайт.

Мессенжердин билдирүүсүндө, түшкөн каражатты банк аркылуу чыгарып алса болот же кайра каналды рекламалоо үчүн төлөм катары колдонсо болот. Бул үчүн TON блокчейниндеги криптовалюта  Toncoin колдонулат. Бирок бул криптовалюта Орусия, Украина, Израил, Палестина сыяктуу бир катар өлкөлөрдүн колдонуучулары үчүн жеткиликтүү эмес.

«Биз монетизация үчүн TON блокчейнин тандаганыбыздын себеби, анда комиссиясы төмөн, акча которуулар ылдам» — деп түшүндүрөт Телеграм.

Мындан сырткары 31-марттан тарта Телеграмдагы ар бир аккаунт өзүн бизнес-аккаунтка өзгөртүп алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бизнес-аккаунт аркылуу автоматтык түрдө жооп берүү, иштөө убактысы, жайгашкан жери сыяктуу функцияларды колдоно алат.

Телеграмдын негиздөөчүсү Павел Дуров буга чейин да мессенжерди монетизациялоо тууралуу айткан. Анын айтымында мессенжердин бир айлык траффиги 1 трлн көрүүгө жетет. Анын болгону 10%ы гана монетизацияланган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM