Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы IT-компания шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионатта экинчиликти ээледи

Кыска кабар | 1 Апр 2024 | 136 | 0

Кыргызстандагы DIGI IT-компаниясы 23-мартта эл аралык шахмат федерациясы (FIDE) тарабынан уюштурулган “FIDE Corporate World Chess Championship -2024” тандоо турунда экинчи орунду жеңип алды.

Шахмат жана бизнес дүйнөсүн айкалыштырган турнир 16-марттан 17-июнуна чейин Lichess.org платформасында онлайн өтүп жатат. Финалдык мелдеш 2024-жылдын июнь айында Нью-Йоркто өтөт.

Турнирде DIGI IT-компаниясынын командасы Microsoft командасын жеңди.

Digi IT-компаниясы Кыргызстандагы алдыңкы технологияларга,  изилдөөлөргө жана инновацияларга адистешкен биринчи deeptech компания. Миссиясы — Борбор Азияда туруктуу өнүгүүгө жана санариптик трансформацияга көмөк көрсөтүү үчүн илимий изилдөөлөрдү жана алдыңкы технологияларды колдонуу.

Компания World Chess үчүн дүйнө жүзүндөгү миңдеген шахматчылардын популярдуу платформасына айланган chessarena.com биринчи онлайн шахмат порталын иштеп чыккан.

Кыргыз шахмат союзу менен биргеликте Digi компаниясы шахмат коомчулугун өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп, жаш таланттардын катышуусунда масштабдуу турнирлерди уюштуруп келет.

FIDE шахмат боюнча дүйнөнүн чемпионатынын тандоо турунда командадан атынан төмөнкүлөр катышты:

Семетей Төлөгөн Тегин — биринчи такта, Кыргызстан командасынын лидери.

Дарья Фойгт — экинчи такта, чакырылган катышуучу, ФИДЕ мастери жана аялдардын гроссмейстери

Пантелеев Александр — үчүнчү такта, шахмат кандидаты жана чебери

Бакыт Тыныбеков — 4-такта, КЧМ, Кыргызстандын шахмат федерациясынын машыктыруучусу

Нурсултан Бектурсунов — 5-такта (резерв), мастерлердин чебери, Кыргызстандын шахмат федерациясынын машыктыруучусу

Сүйүнбай Улукбеков – 6-такта (резерв), мастерликке кандидат, Кыргызстандын шахмат федерациясынын машыктыруучусу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM