Биз менен байланышыңыз

«Таранчы» каймана аты менен белгилүү кримчөйрөнүн мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 1 Апр 2024 | 100 | 0

УКМК  тарабынан 26-мартта Ош шаарынын аэропортунда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, «Таранчы» каймана аты менен белгилүү Н.Н.К. кармалды.

Ал зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагындагы тоо-кен фирмаларынын жумушчуларына салык салуу аракетин көргөндүгү аныкталды.

Учурда кармалган адамга карата опузалоо фактысы боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кармалган жаран УКМКнын  убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК аталган Н.Н.К.нын кылмыштуу иш-аракеттеринен жапа чегиши мүмкүн болгон жарандарды УКМК нөөмөт кызматына кайрылуусун өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM