Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-Малайзия кызматташтыгы талкууланат

Кыска кабар | 31 Мар 2024 | 175 | 0

Ушул жылдын  апрель айында Малайзия тараптын чакыруусу менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Малайзияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Расмий сапардын алкагында Жээнбек Кулубаевдин Малайзиянын тышкы иштер министри Утама Хаджи Мохамад бин Хаджи Хасан жана башка расмий өкүлдөрү менен жолугушуулары өтөт.

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кыргыз-малайзиялык кызматташуунун учурдагы күн тартибин, ошондой эле эки тарапты кызыктыруучу көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM