Биз менен байланышыңыз

Республикалык олимпиада: 36 орундун 21ин “Сапаттын” окуучулары алды

Кыска кабар | 29 Мар 2024 | 1379 | 0

Мектеп окуучулары арасындагы республикалык предметтик олимпиадасында жалпы 36 орундун 21ин “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин  окуучулары ээледи.

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси билдиргендей, аталган мекеменин окуучулары бул жолу да республикалык олимпиадада жогорку көрсөткүчтөргө жеткен. Тактап айтканда 9 окуучу биринчи орунду багындырса, алты окуучу экинчи жана дагы алты окуучу үчүнчү орунду ээлеген. Жыйынтыгында, жалпы олимпиададагы 36 орундун 21ине “Сапаттын” окуучулары татыктуу болду.

Эске салсак, республикалык олимпиада 26-27-март күндөрү Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов жана “Айчүрөк” лицейлеринде болуп өтүп, ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна өзү катышкан. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи бүгүн, 29-мартта болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM