Биз менен байланышыңыз

Журналисттердин кармалышы: Айке Бейшекеева камакта калтырылды

Кыска кабар | 29 Мар 2024 | 132 | 0

Бүгүн, 29-мартта Бишкек шаардык соту “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Айке Бейшекееваны баш коргоо чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Соттун чечимине ылайык Бейшекеева 13-майга чейин камакта болот.

Быйыл 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен он бир журналист 13-мартка чейин камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

16-январдын таңында айтылган журналисттердин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, өзүлөрү ИИМге суракка жеткирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM