Биз менен байланышыңыз

Москва: «Мурда кээ бир документтерди талап кылбаса, эми баарын тактап, сурап жатат»

Коом | 29 Мар 2024 | 540 | 0

Москвадагы кол салуудан кийин мигранттарга карата кысым күчөп, документтери тыкыр текшерүү күчөгөнү айтылууда. Аны менен катар ыктыярдуу түрдө алынган документтерди да милдеттүү түрдө алуу керек деген негизде полиция бөлүмүндө суткалап кармаган учурлар катталып жатканын мекендештер айтып жатышат. Бул окуядан кийин Тышкы иштер министрлиги жарандарды Орусияга барбай турууга чакырган. Эмгек министрлиги социалдык тармактар аркылуу террордук актыларга катышууга үндөгөндөргө азырылбоого чакырды.

Мекендешибиздин суранычы менен аты-жөнүн жашырдык. Ал 5 жылга чукул убакыттан бери Москвада такси айдоочусу болуп эмгектенип келет. Ал Крокус Сити холдогу кол салуудан кийин текшерүү күчөгөнүн, ыктыярдуу түрдө алынчу документтерди да милдеттүү түрдө алуу керек деген негизде кармап жатканын айтат.

«Мен такси кызматында эмгектенем. Эки күн мурда полиция кызматкерлери токтотуп, документтеримди текшерип, ыктыярдуу түрдө алынуучу медициналык камсыздандыруум жок болгондуктан полиция бөлүмүнө алып кетти. Ал жакта 7-8 саат отурдум. Менден башка дагы кыргыздар, өзбектер бар экен. Айрымдары бир канча суткадан бери отурат экен. Полиция бөлүмүнө киргенден кийин баарынын телефонун, документтерин алып коет. Кийин кезек менен чакырып, телефондун паролун ачтырып, каалагандай, баарын текшерип чыгат. Мен айла жок акча төлөп чыктым».

Дагы бир мекендешибиз Москвада такси тармагында бир канча жылдан бери иштеп келет. Окуя болгондон кийин аны бир канча жолу полиция кызматкерлери токтотуп, документтерин текшерген. Ал мындай текшерүүдөн кийин жумушка болгон каалоо жоголуп баратканын айтат.

«Окуя болгондон бери мени эки жолу полиция кызматкерлери токттоту. Алар документтерди карап, кое беришти. Негизи эле документтериң ордунда болсо, текшерип кое берет. Мен Москвага келгенден бери мындай каттуу текшерүү болгонун биринчи жолу көрүп жатам. Ачык айтканда, мындай текшерүүдөн кийин меден психологиялык жактан жумушка болгон каалоо жоголо баштады. Бул жакта жергиликтүү тургундардын мигранттарга болгон көз карашы өзгөрдү. Мындан ары кандай болот айтуу кыйын».

Активист, ишкер Азамат Адылгазиев Орусияда эмгектенип жүргөн мекендештерди этяит болууга чакырып, абал турукташканча көп чогулбай, тартипти сактоого чакырды.

«Окуядан кийин Орусияда текшерүу күчөдү. Мурда кээ бир документтерди талап кылбаса, эми баарын тактап, сурап жатат. Мекендештер абал турукташканга чейин сак болуп жүрүү керек. Насвай, ар кандай жаман нерселерди жанына алып жүрбөгүлө. Ошондой эле, топ-топ болуп чогулбай, сыртта жүргөндө да көп чогулбай, кечинде жалгыз жүрбөгөнгө аракет кылуу керек».

Москвадагы теракттан кийин кыргыз бийлиги мекендештерди Орусияга барбай тугууга чакырды. Ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү социалдык тармактар жана Telegram сыяктуу мессенжерлер аркылуу жарандарды, жашы жете элек балдарды Орусиянын аймагында террордук актыларга катышуу үчүн активдүү жалдоо жүрүп жатканын эскертет.

Жалдоочулар негизинен таанышуу сайттары аркылуу иштешип, аялуу адамдарга, депрессияга кабылган же кандайдыр бир кыйынчылыкка кабылган адамдарга, диний, маданий, улуттук жана башка социалдык багыттар боюнча ар кандай топтордогу кат алышууларды талдоо аркылуу жабырлануучуларды аныктоодо.

Өкүлчүлүк Орусиянын аймагында жашаган же убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды ар кандай чагымдарга алдырбоого, социалдык тармактар аркылуу жумушка орношпоого, ар кандай акцияларга катышпоого, ошондой эле балдарды көзөмөлдөөгө чакырат.

Ошол эле учурда террордук актыга катышуу Орусиянын кылмыш-жаза мыйзамдары менен өмүр бою эркинен ажыратылганга чейин жазаланарын эскертет.

Москвадагы “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун кесепетинен каза болгондордун саны 143 кишиге, жараат алгандардын саны 360ка жетти.

Окуя болгон жерде тергөөчүлөр жана соттук-медициналык эксперттер иликтөө иштерин улантышууда. Акыркы соттук-медициналык инструменттердин жардамы менен аймак изилденип, тергөөгө тиешелүү материалдык далилдер алынган.

Copyright © 2017 Maral FM