Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктарды Starlink интернети менен камсыздоо маселеси талкууланды

Кыска кабар | 28 Мар 2024 | 94 | 0

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев америкалык «Space X» компаниясынын  глобалдык лицензиялоо жана активдештирүү боюнча директору Ребекка Хантер менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Starlink глобалдык спутник системасы аркылуу кыргызстандыктарды космостон берилүүчү тез ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу маселеси талкууланганы айтылды.

«Аталган америкалык компания менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр эки жыл илгер башталган. Жолугушууну жүрүшүндө Ребекка Хантер буга чейин аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Андан соң долбоорду ишке ашырууда дуушар болгон көйгөйлөр тууралуу маалымдап,  аны чечүү боюнча өз сунуштарын ортого салды», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле элчи Бакыт Аманбаев элчилик менен Space X компаниясынын ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты канааттануу менен белгилеп, келечекте да биргелешип иш алып барып, коюлган максатка жетүүгө чогуу аракет кылаарын убада кылган.

Starlink — америкалык SpaceX аэрокосмостук компаниясы дүйнө жүзүндөгү 90дон ашык өлкөнү космостон спутник аркылуу тез интернет менен камсыз кылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM