Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад милициясы шектүүнү кармоо учурундагы видео боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 28 Мар 2024 | 221 | 0

Жалал-Абад облустук милициясы Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында шектүүнү кармоо учурундагы видео боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматта айтылгандай, Ноокен РИИБге О.Т. аттуу жаран арыз жазып, анда Кочкор-Ата шаарында белгисиз алты адам жеке күзөт агенттигинин кызматкерине кол салып, таш, кирпич жана таяк менен куралданып сабашкандыгы тууралуу билдирген. Окуя ушул жылдын 4-мартында болжол менен саат 09:30да болгон.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 40 жаштагы Н.С. аттуу Ноокен районунун тургуну бир нече жолу суракка чакырылып, бирок келбей жүргөн. 27-мартта Кочкор-Ата шаарында кылмышка шектүүнү спецназдар кармаган. Ал каршылык көрсөткөндүктөн ага күч колдонулган. Бул учурда анын 2006-жылы туулган уулу спецназдын кызматкерлерине кол салган. Аталагн факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат, — деп айтылат маалыматта.

Шектүү делген Н.С. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM