Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Кытай Тайбейин 5:1 эсебинде утту

Кыска кабар | 26 Мар 2024 | 178 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытайдын Тайбэй командасын 5:1 эсебинде утуп алды.

Оюн 26-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда, 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын Азия аймагы боюнча тандоо раундунун 3-турунун алкагында өттү.

Оюндун биринчи бөлүгү 3:0 эсебинде жыйынтыкталды. Анда биринчи бөлүктүн 16-мүнөтүндө Жоел Кожо эсеп санын ачып, оюндун 37-44-мүнөтүндө да гол киргизип, хет-трик жасады.

Оюндун экинчи бөлүгүндө 78-мүнөттө Кристиян Браузман гол киргизсе, кошумча мүнөттө Кими Мерк гол киргизди. Ал эми Кытайдын Тайбэй командасынын оюнчулары оюндун жалпы жүрүшүндө бир гол киргизип, жыйынтыгында оюн 5:1 эсебинде жыйынтыкталды.

21-мартта эки улуттук курама команда Гаосюн шаарынын «Наньцзы» стадионунда беттешип, анда кыргызстандык оюнчулар 0:2 эсеби менен жеңген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM