Биз менен байланышыңыз

Москвадагы теракт: каза тапкандардын саны 139га жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Мар 2024 | 230 | 0

Москвадагы «Крокус Сити Холл» концерттик залындагы терактта каза тапкандардын саны 139га жетти. Тактап айтканда оор абалда ооруканада жаткан эки жаран да көз жумган. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 40 адам окко учса, 45 адам өрттүн кесепетинен улам көз жумган. Дагы эки адам ок жана башка жаракаттардан улам каза тапкан.

Ал эми ооруканада учурда 97 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө. Жалпы 182 адам жабыркаган.

«Крокус Сити Холл» концерттик залына куралдуу кол салуу 22-март күнү кечинде «Пикник» тобунун концертинин алдында болгон. Анда куралчан адамдар имаратка бастырып кирип, ок чыгара баштаган. Ошол эле учурда имаратта өрт да чыгып, жалпы 13 миң чарчы метрди каптаган. Өрттү дээрлик бир суткада өчүрүп үлгүрүшкөн.

Бул теракт ишине байланыштуу 11 адам кармалды. Федералдык коопсуздук кызматы алардын төртөөсүн терактын түздөн түз катышуучусу деп атап, Басман соту аларды эки айга камакка алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM