Биз менен байланышыңыз

Орусиянын муфтийи элди терактан куткарган Исламга сыйлык тапшырат

Кыска кабар | 24 Мар 2024 | 1228 | 0

Орусиянын муфтийи Равиль Гайнутдин терактан жүздөгөн адамды куткарып калган 15 жашар кыргыз балага сыйлык тапшырат. Бул тууралуу Орусия мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.

«Муфтий шейх Равиль Гайнутдин ата-бала Халиловдорго жеке чакырык жөнөттү. Ыйык Орозо айынын жума күнүндө Москванын борбордук мечитинде он беш жашар Исламга Орусия мусулмандарынын «Эмгеги үчүн» медалы тапшырылат», — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик Думанын Үй-бүлөнү коргоо комитети да спикер Вячеслав Володинге Исламга сыйлык тапшыруу сунушун жөнөтүү алдында турганы белгилүү болду.

Айта кетсек, 22-мартта Москвадагы «Крокус сити холл» концерттик залына чогулган миңдеген адамга куралдуу топ кол салган. Атылган октон 133 адам каза таап, 114 адам ар кандай жаракат алган. Орусия бийлиги муну теракт атап, Президент Владимир Путин 24-мартты «аза күтүү күнү» деп жарыялады.

Атылган октон дүрбөлөңгө түшүп, ажаткана жакка агылган жүздөгөн адамды кийим чечүүчү жайда иштеген он беш жашар кыргызстандык өспүрүм Ислам Халилов кууш жол аркылуу «Экспого» өткөрүп, кызматтык эшиктен чыгарып кеткен.

«Саат 20:00дө атышуулар угулду. Мен дароо чуркап чыгып, элди чыгара баштадым. «Жашыруун эшик» кайда экенин билчүмүн. Сакалчан, колунда куралы бар террорчулардын бирин көрдүм. Кечинде 6200 адам келген. Эгер өзүм кетип калсам, жүздөгөн адам кырылып каларын түшүндүм. Элди колумдан келишинче чыгарып кетүүгө үлгүрдүм. Өзүмдү баатыр деп эсептебейм», — деген ал «Комсомольская правда» гезитине берген маегинде.

Copyright © 2017 Maral FM