Биз менен байланышыңыз

Бишкектин мэри чарбалык субъектилерди жана ишканаларды текшерди

Кыска кабар | 23 Мар 2024 | 94 | 0

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жалпы шаардык ишембиликтин алкагында борбор калааны кыдырып, чарбалык субъектилерди жана ишканаларды текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Бакаев көчөсү текшерилип, муниципалдык инспекцияга жашыл аянтка токтотулган унаалардын айдоочуларына тез арада чара көрүү тапшырмасы берилди.
Мындан тышкары, муниципалдык инспекцияга жашылдандыруу эрежелерин сактабаган, тактап айтканда жанаша жайгашкан аймакка таштанды таштаган чарба субъектилерине айып пул салуу милдети жүктөлдү.
Муниципалдык инспекцияга “АВС” борборунун, «Фортуна» мейманканасынын жана «Пхе-Ян» кафесинин өкүлдөрү менен чектеш аймакта тартип орнотуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Дэн Сяопин проспектисинин боюндагы бардык чарба жүргүзүүчү субъектилерди «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы менен көрктөндүрүү келишиминин бар-жоктугун текшерүү, ошондой эле борбордогу объектилердин эстетикалык көрүнүшүн иретке келтирүү максатында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.
«Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы, «Тазалык» муниципалдык ишканасы, төрт райондун акимдерине сугат арыктарын тазалоону көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.

Борбор калаа башчысы жалпы шаардык ишембиликке активдүү катышкан бардык кайдыгер эмес жарандарга ыраазычылык билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM