Биз менен байланышыңыз

30 жаш ишкерге бизнес долбоорлору үчүн жабдуулар берилди

Кыска кабар | 23 Мар 2024 | 92 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «SOS Балдар Айылдары» коомдук фонду менен биргеликте «Кесиптик өнүгүү жана өз ара аракеттенүү » темасында форум өткөрдү.

«Жаштар үчүн VIBEs» долбоорунун алкагында Ысык-Көл, Кочкор, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун пилоттук райондорунан социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн 100 жаштары кесиптик жана турмуштук көндүмдөр боюнча окуудан өтүштү.

Курстарды аяктоонун жыйынтыгы боюнча өз региондорунда талап кылынган эң мыкты бизнес долбоорлорду даярдаган 30 жаш жаран жеңил өнөр жай жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө өздөрүнүн бизнес-стартаптарын ишке киргизүү үчүн жабдуулар жана инвентарь түрүндө гранттык жардам алышты.

Ошондой эле бул иш-чарага ийгиликтүү бизнес эксперттер спикер катары чакырылып, ишкердик боюнча баалуу кеңештери, тажрыйбалары жана ийгилик окуялары менен бөлүшүштү.

«VIBEs жаштар үчүн» долбоору пилоттук негизде Ысык-Көл районунан Ананьево айылын, Кочкор районунан Кум-Дөбө айылын,Сокулук районунан Мирное жана Аламүдүндүн Виноградное айылын тандап алышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM