Биз менен байланышыңыз

Бишкекте эл көп жыйылган жерлерде коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Кыска кабар | 23 Мар 2024 | 99 | 0

Орусиянын Москва облусундагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон терактка байланыштуу Бишкек ШИИБдин башчысы кезексиз жыйын өткөрдү.

Шаардык милициядан билдиришкендей, ШИИБдин башчысы Азамат Токтоналиев коопсуздук кызматтары менен бирге ири соода борборлору, базар, театр жетекчилери менен жыйындарды өткөрүүнү тапшырды.

Анда коопсуздук чараларын күчөтүп, көзөмөл камераларын орнотуп, күзөттөгү кызматкерлердин дыкат иштеши керектиги айтылды.

Мындан сырткары, пландаштырылган массалык жана оюн-зоок иш-чараларында кийимдерди жана кол баштыктарды кылдаттык менен текшерип, шектүү буюмдарды дароо кабарлоону тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM