Биз менен байланышыңыз

«Крокус Сити Холлдо» куралдуу кол салууну уюштурууга шектүү эки адам кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2024 | 2431 | 0

«Крокус Сити Холл» имаратына куралдуу кол салууну уюштурууга шектүү эки адам кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр Брянск облусунда кармалган. Алардын төртөө качып кетүүгө үлгүргөн. Учурда атайын кызмат качып кеткендерди кармоо боюнча издөө жарыялады.

Кармалган эки шектүү Тажикстандын жарандары экени айтылууда. Орусиянын атайын кызматы алардын окуяга тиешеси бар же жоктугун текшерүүдө.

Ал эми жаракат алгандардын саны учурда 183кө жетти. Каза тапкандардын саны 60тан ашык. Ал эми алардын үчөө жаш балдар экени айтылды.

22-март кечинде Москвадагы «Крокус-Сити Холл» имаратында бир канча камуфляжчан адамдар автоматтан ок чыгарган. Күбөлөрдүн айтымында теракт башталган убакта бир канча жарылуунун да үнү угулган. Натыйжада имараттын бир бөлүгүндө өрт чыккан. Өрт учурда толугу менен өчүрүлгөн.

Орус бийлиги муну теракт деп атады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM