Биз менен байланышыңыз

№7 Ош округу боюнча шайлоо өткөрүүгө 10 млн 714 миң сом бөлүнөт

Кыска кабар | 23 Мар 2024 | 73 | 0

№7 Ош бир мандаттуу округунда кайра шайлоо өткөрүү үчүн 10 млн 714 миң сом каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү уюштуруу үчүн кете турган каражаттын сметасын бекитти.

Президент Садыр Жапаров №7 Ош округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон

Жарлыкка ылайык, Оштогу кайра шайлоо 28-апрелде өтөт.

№7 Ош округунан Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов 13-мартта Борбордук шайлоо комиссиясына ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну өтүнүп, арыз жазган.

Арызды Борбордук шайлоо комиссиясы ошол эле күнү карап чыгып, толук канааттандырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM