Биз менен байланышыңыз

ТИМ кыргызстандыктарды адам көп топтолгон жайларга барбоого чакырат

Кыска кабар | 23 Мар 2024 | 68 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Крокус сити холлдогу» террордук актка байланыштуу Москва шаарындагы кыргызстандыктарды адамдар массалык топтолгон жайларга баруудан баш тартууга чакырат.

Буга чейин,  «Крокус сити холлдогу» каргашалуу окуяда эки кыргызстандык жабыркады делген маалымат чыгып, бирок ал тастыкталган жок. КР ТИМи жана Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги кырдаалга байкоо жүргүзүүнү улантууда.

Өзгөчө кырдаалда жарандар элчиликтин +7 925 115 50 47 жана министрликтин +996 999 312 002 ыкчам телефондоруна байланышуусу зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM