Биз менен байланышыңыз

Президент Москвадагы терактка байланыштуу Путинге көңүл айтты

Кыска кабар | 23 Мар 2024 | 219 | 0

Президент Садыр Жапаров Оруссиянын президенти Владимир Путинге Москвадагы терактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жиберди.

Телеграммада, Жапаров терактта каза тапкандардын жакындарына жана андан жабыркагандарга өзүнүн жана кыргыз элинин атынан көңүл айтып, «Крокус-Ситидеги» кандуу окуяны айыптады.

Ошондой эле Орусия президентине анын терроризм менен күрөшүүсүн кыргыз тарап да дайыма колдоого даяр экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM