Биз менен байланышыңыз

Москва: «Крокус Сити Холлдогу» ок атышууда 12 адам каза тапканы айтылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2024 | 533 | 0

Орусиянын борбору Москванын четинде жайгашкан «Крокус Сити Холл» клубундагы концерт учурунда ок атылды.

Mash жана Baza телеграмм каналдары окуя болгон жерден видеолорду жарыялады. Анда кеминде 12 адам каза болгону айтылды.

Жарыяланган видеолордо белгисиз бирөөлөр автоматтан ок чыгарганын көрүүгө болот. Маалыматка караганда, аталган клубда «Пикник» тобунун концерти өтмөк.

Окуя болгон жерде канча адамдын жаракат алганы тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM