Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда алгачкы жолу кёрлинг боюнча өлкө чемпионаты болот

Кыска кабар | 22 Мар 2024 | 148 | 0

Бишкекте кёрлинг боюнча Кыргызстандын алгачкы чемпионаты өтөт. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты.

Мелдеш 30-мартта борбордогу «Локомотив» муз комплексинде болот. Ал аралаш жуптар  арасында уюштурула турганы айтылды.

Чемпионатка Кыргызстандын аймактарынан тандоо турунан өткөн мыкты спортчулар катышып, жыйынтыгында 5 команда ат салышат.

Иш-чара кёрлинг спортуна коомчулуктун көңүлүн бурдурууну, аны өнүктүрүүнү жана жаштар арасында жайылтууну көздөй турганы белгиленди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM