Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарынын мэриясына Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу сатып алынган 100 даана автобусту тапшырды.
Жаңы автобустар 25 орунга ылайыкталган, сыйымдуулугу 56 адам.
Ошондой эле, шаардын ички жолдорун жакшыртуу максатында Жолдор муниципалдык ишканасы үчүн сатып алынган оор техникалар тапшырылды.
Мындан тышкары жол кыймылын көзөмөлдөөнү жана жол коопсуздугун алдын алуу максатында жеңил унаалар Ош шаарынын мэриясына берилди.