Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Ош шаарынын таза суу көйгөйүн чечип бердик

Кыска кабар | 21 Мар 2024 | 153 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарында 21-март – Нооруз майрамына карата уюштурулган иш-чарага катышты.

Анда ал аймактарды өнүктүүү боюнча өкмөттүн пландары тууралуу айтып жатып, Ош шаарынын аянты 2,5 эсе кеңейгенин, элинин саны 100 миң адамга көбөйгөнүн маалымдады.

«Былтыр шаардын таза суу көйгөйүн чечип бердик. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу – транзиттик ири долбоор, Ош шаары – бул жолдо тосуп ала турган биринчи дарбаза болот. Урматтуу Ош шаарынын тургундары, шаар мэриясынын эң сонун пландары бар. Ар бир жетекчи менен ынтымакташып иштешесиздер деп ишенебиз. Ош шаары заманбап шаар болот» — деди ал.

Акылбек Жапаров чек ара, аймактык бүтүндүк тууралуу, кошуналар менен чек аралар такталып, чечилип жатканын белгиледи. Экономикалык көрсөткүчтөргө токтолуп, өлкөнүн ички дүң продукциясы 2023-жылы 1,2 трлн сомго жеткенин дагы бир жолу жарыялады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM