Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Кант цемент заводунун кирешеси 4 эсе өскөнүн билдирди

Кыска кабар | 21 Мар 2024 | 171 | 0

Кант цемент заводунун кирешеси былтыркы жылдын жыйынтыгы менен 857,5 млн сом болуп, 4 эсе өстү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев аталган заводго барганда айтылды.

Касымалиев Кант цемент заводу 2018-жылы мамлекетке салык жана төлөм катары 280,6 млн сом киреше бергенин маалымдады.

2022-жылы модернизация болгондон бери 747,3 млн сом, былтыр 857,5 млн сом киреше берген.

Учурда заводдун клинкерлер боюнча жаңы линиясынын курулушу башталды.

Былтыр Кант заводуна экспортко багытталган газобетон чыгаруучу линия үчүн Кыргыз-орус өнүтүрүү фонду аркылуу 8,5 млн долларлык каржылоо көрсөтүлгөн. Ал эми бул жылы Евразиялык өнүктүрүү банкы аркылуу 50 млн доллар насыя, 20 млн доллар өздүк салым болуп, жаңы линияны куруу башталды.

Кант цемент заводунда учурда 850 адам туруктуу жумуш оруну менен камсыз болуп, жылына 1,1 млн тоннадан ашык цемент өндүрөт.

Жаңы линия салынып бүткөн кезде клинкер кирпичтери кургак түрдө чыгарылып, өндүрүштүк кубаттуулугу – суткасына 2500 тонна, бир жылда 800 миң тонна жогорку сапаттагы клинкер чыгарат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM